КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИСТИН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИН АНАЛИЗДӨӨ

Авторы

  • Адылова Э С., Жапаркулов А. М., Ормонова Э. М.

Ключевые слова:

Энергетикалык кризис, инфраструктура, энергетика системасы, эксплуатациялоо, энергияны натыйжалуу пайдалануу, энергетикалык ресурс

Аннотация

Макалада бул көйгөйгө өбөлгө түзгөн негизги факторлор каралып чыкты. Изилдөөнүнүн объектиси болуп, Кыргыз Республикасындагы энергетикалык каатчылыктын себептерин аныктоо, ал эми предмети болуп, Кыргыз Республикасындагы энергетикалык каатчылыгын жоюудагы инфраструктураны изилдөө эсептелинет. Кыргыз Республикасы үчүн электр энергетикасы өзгөчө мaaнилүү тармак болуп саналат. Борбордук Азияда жайгашкан мамлекеттердин ичинен Кыргыз Республикасы акыркы он жылдыкта олуттуу энергетикалык көйгөйлөргө туш болду. Өндүрүлгөн электр энергиясынын негизги бөлүгү экономиканы өнүктүрүүгө өнөр жайга, айыл чарба өндүрүшүнө жана башкаларга кетет. Кыргыз Республикасы суу ресурстарына бай. Кыргыз Республикасынын суу ресурстарынын энергетикалык потенциалы 162 млрд кВт/саат электр энергиясына (Борбор Азиядагы запастардын 38%) бааланат.
Ошондуктан суу ресурстарынын топтолушуна болжолдуу талдоо жүргүзүү азыркы учурда Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу маселе болуп саналат .
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бардык потенциалдуу гидроресурстук запастарын өздөштүрүү деңгээли орто эсеп менен 10%га жакынды түзөт, анын ичинен Нарын дарыясынын бассейни өздөштүрүүнүн эң жогорку деңгээлине ээ - Нарын дарыясынын алабынын төмөнкү агымында жайгашкан өндүрүш жана кубаттуулук боюнча дээрлик 50% Токтогул ГЭС каскады. Ал эми бул макалада энергетикалык кризистин негизги себептеринин бири энергетика системасынын кризистик абалынын факторлору, эксплуатация болуп санала тургандыгы анализденди.

Библиографические ссылки

Адылова, Э.С. Сравнительный анализ прогнозов развития энергетики в КР [Текст] / Ы. Ташполотов, Ч.А. Адылов // Наука. Образование. Техника. - Ош: КУУ, 2013. - № 1. - С. 66 - 67.

https://pandia.ru/text/83/333/75422.php “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жөнгө салуучу таасирдин негизги анализи

Адылова Э.С. /Омурбекова-Г.К.// Ормонова Э.М. Жабагыев И.М.// Математикалык моделдерди колдонуу менен Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө таасир этүүчү факторлорду Аныктоо [Текст] Наука. Образование. Техника. - Ош: КУМУ, 2022. - № 2. - С. 43 - 48.

Макалада Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун маалыматтары колдонулду

Абдырасулова Н., Кравцов Н. Система распределения и потребления электроэнергии Кыргызстана: анализ и оценка управления. Кыргызстан: Общественный фонд «ЮНИСОН»; 2013. С. 67.

Национальная энергетическая программа на 2008-2010 годы и стратегия развития ТЭК на период до 2025 года. Бишкек: Министерство промышленности, энергетики и топливных ресурсов КР, КНТЦ «Энергия»: Инсан; 2009.C. 2-6

Загрузки

Опубликован

2024-06-03