ЖАПЫЗ ЖАНА БИЙИК ТООЛОРДУН ШАРТЫНДА ЖАЛГЫЗ БӨЙРӨГҮ БАР ИТТЕРДЕГИ ЭЛЕКТРОЛИТТЕРДИН БАЛАНСЫНЫН ӨЗГӨРҮҮЛӨРҮ
Ключевые слова:
адаптация, бийик тоолор, калий, натрий, нефрэктомия, резекцияланган бөй- рөк, реадаптация.Аннотация
Салмагы 10–14 кг болгон 22 жетилген эркек ит: 10 бүтүн, 6 нефрэктомияланган жана 6 бир бөйрөгү резекцияланган иттер изилденди. Байкоолор Анзоб ашуусунда (3500м.д.д. бийиктик.) жана Душанбеде (850 м.д.д. бийиктикте) бир тараптуу нефрэктомиядан (6 ит) кийин жүргүзүлгөн. Плазмадагы, эритроциттердеги жана заарадагы натрий менен калийдин концентрациясы, кандагы креатинин жана калдык азот, минуталык диурез аныкталды. Бийик тоонун шартында бөйрөктүн компенсациялык мүмкүнчүлүктөрү кескин түрдө басылганы аныкталган. Стресс факторлорунун биргелешкен таасири эритроциттерде жана заарада натрий иондорунун топтолушуна, анын клиренсинин жана бөлүнүп чыгуучу үлүшүнүн төмөндөшүнө шарт түзгөн «натрий насосу» механизминин бузулушун шарттады. Нефрэктомиядан кийин операциядан кийинки алгачкы мезгилде гана азайган клиренстин көрсөткүчтөрүн кошпогондо калий балансынын жылышы анча деле маанисилүү эмес. Бардык бул бузулуулар операциядан бир айдан кийин калган бөйрөктөгү ионду жөнгө салуучу функция толук калыбына келбегендигин көрсөтүп турат. Реадаптация мезгилинде бир бөйрөктүн функционалдык активдүүлүгүнүн жана электролит балансынын өзгөрүшүнүн динамикасы жаныбарлардын бийик тоолуу аймактарда болгон мезгилине окшош экендиги, айрым көрсөткүчтөрдүн билинүү даражасы боюнча гана айырмачылыктар бар экендиги белгиленди.
Библиографические ссылки
Баркаев В.В. Влияние климатических факторов горного климата Памира на функцию почек человека / В.В. Баркаев . //Мат. всес. симпоз. по вопросам мед. климатотерапии, климатопрофилактики. – М., 1967. – С. 217–220.
Мираков Р.С. Показатели функциональной деятельности единственной оставшейся почки после денервации в условиях низкогорья и высокогорья //Известия национальной академии Кыргызской республики. – Бишкек, 2019. – С. 38–43
Мираков Р.С. Особенности изменения электролитного баланса у собак с единственной резицированной почкой при реадаптации к высокогорью /Мираков Р.С., Мираков Х.М., Мухамедова С.Г./ Доклады академии наук Республики Таджикистан. – Душанбе, 2013, том 56 No1. – С. 82–87
Миррахимов М.М. Об адаптивной способности физиологических систем организма к формированию адаптации в норме и патологии / М.М. Миррахимов. // В кн.: Высокогорная адаптация. – Фрунзе, 1984. – С. 3–20. Известия НАН КР, 2022, No6 79
Мухамедова С.Г. Хронофизиологические особенности митозов в разных отделах нефрона почки крыс при адаптации к условиям высокогорья Таджикистана: автореф. дисс... докт. биол. наук. / С.Г. Мухамедова. – Москва, 2004. – 35 с.
Рахимов А.А. Влияние высокогорных факторов на функции почек и баланс некоторых электролитов при парциальной нефрэктомии: автореф. дис... канд. мед наук / А.А. Рахимов. – Киев, 1986. – 18 с.
Ташболтаева С.С. Роль ренин-ангиотензин-альдостероновой системы в процессе адаптации крыс с единственной почкой к условиям высокогорья: автореф. дисс... канд. биол. наук. / С.С. Ташболтаева. – Душанбе. – 2011. – 20 с.
Шукуров Ф.А. Адаптация, стресс и здоровье / Шукуров Ф.А. // Сб. статей 49 годичной науч.-практ.
конф. ТГМУ. – Душанбе. – 2001. – С. 193 – 204.