КАРЫ АДАМДАРДЫН ГАЗ АЛМАШУУ ЖАНА КЫЧКЫЛТЕКТИ ТАШУУСУНА ГИПОКСИЯЛЫК МАШЫГУУЛАРДЫН ТААСИРИ

Авторы

  • Елена Анатольевна Ключникова адаптивдик дене тарбия кафедрасы, факультети физкультура жана реабилитация
  • Елена Сергеевна Балыкина адаптивдик дене тарбия кафедрасы, факультети физкультура жана реабилитация
  • Ольга Валерьевна Евстигнеева адаптивдик дене тарбия кафедрасы, факультети физкультура жана реабилитация
  • Игорь Викторович Антипов адаптивдик дене тарбия кафедрасы, факультети физкультура жана реабилитация
  • Михаил Васильевич Балыкин адаптивдик дене тарбия кафедрасы, факультети физкультура жана реабилитация
  • Хасан Джолдубаевич Каркобатов адаптивдик дене тарбия кафедрасы, факультети физкультура жана реабилитация

Ключевые слова:

кан, гемодинамика, кычкылтек менен камсыз кылуу, эмгекке жөндөмдүүлүк, карылык, гипоксия.

Аннотация

Изилдөөгө 60–65 жаштагы эркектер катышкан. Үзгүлтүктүү нормобардык гипоксиянын (ҮHГ) курсу 3 жума бою жүргүзүлдү. Гипоксиянын жүрүшүнө чейин жана андан кийин, дем алуунун көлөмү, дем алуунун ылдамдыгы жана мүнөттүк көлөмү, кычкылтектин керектелиши, көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышы, кан басымы, кан айлануунун мүнөттүк көлөмү, жүрөктүн кагышы, эритроциттердин жана гемоглобиндин курамы, каныккандыгы, артериялык кан менен кычкылтек ташуунун ылдамдыгы, кандагы кычкылтектин сыйымдуулугу аныкталган. (ҮHГ) курсуна чейин жана андан кийин жалпы физикалык көрсөткүчтөрдүн деңгээлин улгайган адамдар үчүн модификацияда велосипед эргометрикалык үлгүлөрдүн (PWC150) колдонуу аркылуу аныкталган. (ҮHГ) курсу эритроциттердин, гемоглобиндин, кандын кычкылтек сыйымдуулугунун жогорулоосунда жана ткандар аркылуу кычкылтектин пайдалануу эффективдүүлүгүнүн көбөйүшү менен организмдин гипоксияга туруктуулугун жогорулатууга, жүрөк-дем алуу системасынын функцияларын үнөмдөөгө алып келүүсү улгайган адамдардын жалпы физикалык  көрсөткүчтөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөөрү аныкталды.

Библиографические ссылки

Балыкин М.В., Каркобатов Х.Д. Системные и органные механизмы кислородного обеспечения организма в условиях высокогорья // Российский физиол. журн. – 2012. – No 1. С. 127– 136.

Ключникова Е.А., Аббазова Л.В., Лоханникова М.А., Ананьев С.С., Балыкин М.В. Влияние прерывистой нормобарической гипоксии на системную гемодинамику, биохимический состав крови и физическую работоспособность у лиц пожилого возраста. Ульяновский медико-биологический журнал. Ульяновск. – 2017.– No 4. – С. 155–164.

Коркушко О.В., Осьмак Е.Д., Осьмак Д.Д., Дужак Г.В. Устойчивость к гипоксии у людей пожилого возраста с гипертонической болезнью: влияние Кардиоаргинина. Кровообіг та гемостаз, оригінальні дослідження. 2015. (1–2). – С. 31–37.

Кривощеков С.Г., Балиоз Н.В., Некипелова Н.В., Капилевич Л.В. Возрастные, гендерные и индивидуально-типологические особенности реагирования на острое гипоксическое воздействие. Физиология человека. 2014. – 40 (6). – С. 34–45.

Пупырева Е.Д., Балыкин М.В. Влияние гипоксической тренировки на физическую работоспособность и функциональные резервы организма спортсменов. Вестник ТвГУ «Биологии и экологии». 2011. – 21 (2). – С. 7–17.

Загрузки

Опубликован

2022-09-20

Выпуск

Раздел

СЕКЦИЯ ГИПОКСИЯ: МЕХАНИЗМЫ КОМПЕНСАЦИИ И АДАПТАЦИИ