Философиялык антропологиянын классикалык жана постклассикалык интерпретациясы
Ключевые слова:
философия, философиялык антропология, классикалык философия, постклассикалык философия, антропоцентризм, парадигма, дин, прагматизм, гуманизм, идея, аңсезим, эмоция, теорияАннотация
Макалада философиялык антропологиянын өнүгүү логикасы классикалык жана постклассикалык философиянын алкагында репрезентацияланат. Сократ – байыркы доордун улуу ойчулу, адамдын өздүк рефлексия механизмин изилдөө философия илиминин негизги милдеттеринин бири деп эсептеген. Платон адамдын кош табиятын жан менен дененин синтези катары талдоого алган. Грек ойчулу Аристотель – адамдын табиятын анын социумга, саясатка болгон карым-катнашы менен байланыштырган. Философиялык антропологиянын имманенттүү маселелери XVIII – XIX кылымдарда И.Кант, Д.Вико, Х.Вольф, П.Гольбах, Ж.Ламметр тарабынан, андан кийин постклассикалык философияда (И. Гердер, Л. Клагес, Ф. Ницше ж. б.), феноменологияда (Э. Гуссерль, М. Хайдеггер ж. б.), психоанализде (З. Фрейд, Э. Фромм) тарабынан өнүктүрүлгөн.
Библиографические ссылки
Автономова Н.С. Структуралистская антропология [Текст] / Н.С.Автономова /// В кн.: Буржуазная философская антропология XX века. Отв. ред. Б.Т.Григорьян. -М.: Наука, 1986, 120 б.
Белкина Г. Л., Фролова М.И. Проблема совершенствования человека (в свете новых технологий): Трансгуманизм и проблема социальных рисков. Редукционизм как соблазн наук о человеке. Об идолах и идеалах биотехнологического самоизобретения человека. Как возможен совершенный человек? [Текст] / Г.Л.Белкина, М.И.Фролова. -М.: ЛЕНАНД, 2016. 272 б.
Гарпушкин В. Универсализм в философии и человеке [Текст] / В.Гарпушкин //Общественные науки и современность. 1991, № 5, 122 б.
Лейбин В.М. Глобальная этика [Текст] / В.М.Лейбин // В кн.: Глобалистика: Энциклопедия. 232 - 233-б.
Моисеев H.H. Человек во Вселенной и на Земле [Текст] / Н.Н.Моисеев // Вопросы философии, 1990, № 6, с.32-45.
Николаев В. Г. Социокультурная система [Текст] / В.Г.Николаев // Культурология. XX век. Энциклопедия. СПб., 1998. Т. 2. 547 – 548 б.
Степин B.C. Научная картина мира в культуре технической цивилизации [Текст] / В.С.Степин. - М.: Институт философии, 1994. 272 б.
Фромм Э. Иметь или быть [Текст] /Э.Фромм. –М.: Прогресс,1986. 238 б.