Совет бийлигинин 1917–1927-жж. Борбордук Азиядагы территориалдык-административдик саясаты

Авторы

  • К.К. Ботобаев

Ключевые слова:

мамлекет, административдик-аймактык реформа, улуттук жиктешүү, саясат, Совет бийлиги, Борбордук Азия, чек ара, де-юре, де-факто, жер бөлүштүрүү комиссиясы, волосттук башкаруу системасы, жаңы экономикалык саясат

Аннотация

Макалада Совет өкмөтүнүн административдик башкаруу саясаты, Борбордук Азиядагы улуттук-аймактык жиктешүү процесси архивдик материалдардын негизинде талдоого алынган. Автор 1917-ж. Орусияда ишке ашкан Октябрь ыңкылабынан кийин деле аймакта административдик реформалар дароо эле ишке ашпагандыгын, жер-жерлерде мурунку аймактык система сакталып калгандыгын баса белгилейт. Түркстан аймагында улуттук республикаларды түзүү, жаңы админстративдик түзүлүштөрдү негиздөө саясаты 1924-жылдан баштап жүргүзүлгөндүгүнө карабай, бөлүштүрүү жараяны бир нече жыл мурун эле башталып, борбор тарабынан жергиликтүү элдин өзгөчөлүгүн эске албай аныкталган. Жалпысынан алып караганда большевиктер өзүнүн алгачкы башкаруу жылдарында советтердин бийлигин чыңдоо менен алектенишип, мурунку аймактык-административдик бирдиктерди жоюшкан эмес. Ага ачык мисал падышалык Орусиянын мезгилиндеги болуштук башкаруу системасынын сакталып калуусун атоого болот. Мында болгону болуштуктардын санын азайтып, алардын ээлеген аймагын кеңейтүүгө аракеттер жасалган. 1920-жж. баш ченинен тартып мурунку губерниялардын, аскердик облустардын аттары өзгөрүп, алардын аянттары өзгөрө баштаган. Мунун баары борбордук бийликтин таасирин жер-жерлерлерде бекемдөө, борборлоштурулган бийлик системасын чыңдоо жана бирдиктүү элдик чарбаны түзүү максатында ишке ашырылган.
1924-1927-жж. Борбордук Азияны (Түркстанды) улуттук республикаларга бөлүү боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгү, аймактагы жаңы түзүлгөн этно-территориалдык абал, бул процесстеги карама-каршылыктуу, чечилбеген бир топ маселелер терең талдоого алынып, кетирилген мүчүлүштүктөр фактылык, документалдык материалдардын негизинде ачылып берилген.

Библиографические ссылки

Аламанов С., Уметалиева А. Трансграничные конфликты. Альманах «Опыт Кыргызской Республики в управлении кризисными ситуациями», – Женева-Бишкек-Рига-София, – 2014.

Аламанов С.К. Краткая история и опыт решения пограничных проблем Кыргызстана. – Бишкек, – 2005, 90 с.

Джунушалиев Д.Д. Время созидания и трагедий. 20-30 годы ХХ века. – Бишкек, – 2003.

Койчиев А. Национально-территориальное размежевание в Ферганской долине: 1924-1927 гг. – Бишкек, 2001. 117 с.

Ожукеева Т. ХХ век: возрождение национальной государственности в Кыргызстане, – 1993.

Сулькевич С. Волость и волостное управление. – М., 1925 г.

Протокол №10 заседания Президиума Революционного Комитета Кара-Кыргызской Автономной Области от 8 декабря 1924 года. ГАРФ. Ф. 3316. Оп. 18. Д. 292. Л. 52,53.

Протокол №1 заседания Экономического Бюро при Уполномоченном Совета Труда и Обороны в Средней Азии от 23 декабря 1924 года. ГАРФ. Ф. 5677. Оп. 6. Д. 385. Л. 5.

Протокол №8 заседания резиидиума Комиссии ВЦИК по районированию от 27 мая 1926 г. ГАРФ. Ф. 5677. Оп. 5. Д. 36. Л. 4,5,6.

Протокол Президиума ВЦИК от 6 июня 1925 года №8. ГАРФ. Ф. 3316. Оп. 18. Д. 252. Л. 118об.

Протокол №2 Пленума Средне-Азиятской комиссии по районированию от 2-5 сентября 1926 года. ГАРФ. Ф. 5677. Оп. 5. Д. 36. Л. 30,31,32,33,34.

Протокол №7 Заседании Президиума Средне Азиатского Экономического Совета от 13-15 сентября 1926 г. ГАРФ. Ф. 5677. Оп. 9. Д. 36. Л. 35.

Постановление Президиума ВЦИК от 16 декабря 1926 г. Ф. 5677. Оп. 7. Д. 221. Л. 39об.

Протокол №7 заседания пленума Средне-Азиатского Комитета от 17 марта 1925 г. ЦГАО СССР. Ф. 1235. Оп. 120. Д.32. Л. 8-9. 15. КР БМА. Ф.21. Оп.3. Иш каг.156. 11-Б.

Собрание узаконений и распоряжений правительства за 1919 гг. М.: Управление делами Совнаркома СССР. – 1943. 886 с.

Проект административно-хозяйственного деления ККАО. ЦГА КР. Ф. 949. Оп. 1. Д. 2. Л. 8,9,10,11,12.

Загрузки

Опубликован

2024-09-29