ОРТО МЕКТЕПТЕРДИН ХИМИЯ КУРСУНДА ОРГАНИКАЛЫК БИРИКМЕЛЕРДИН ИЗОМЕРИЯСЫН ЖАНА НОМЕНКЛАТУРАСЫН ТЕРЕҢ ОКУП ҮЙРӨНҮҮ
Ключевые слова:
Органикалык бирикмелердин изомерия жана номенклатурасы, структуралык формулалар, гомологиялык катар, маалыматтык технология, алкандар, педагогикалык эксперимент.Аннотация
Мектеп окуучулары үчүн органикалык химия боюнча окуу китептеринде гана эмес, ЖОЖдор үчүн органикалык химия боюнча окуу китептеринде да органикалык бирикмелердин гомологиялык катарындагы баштапкы мүчөлөрүнүн гана структуралык формулалары, аталыштары берилип, андан кийинки мүчөлөрүнүн изомерлеринин жалпы саны гана берилип келет. Юсупова Д.С.,Абдуллаева М.Д. тарабынан жазылган “Органикалык бирикмелердин изомерия жана номенклатурасы”аттуу электрондук окуу колдонмодо ошол жалпы санга кирген 545 изомердин структуралык формулалары толук жазылган жана аталган. Бул электрондук окуу колдонмону пайдалануу менен орто мектептердин химия курсунда органикалык заттардын изомерия жана номенклатурасын терең окутуп үйрөтүү максатында педагогикалык эксперимент жүргүзүлүүдө. Педагогикалык экспериментте өтүлүүчү сабактардан мисал катары маалыматтык технологияны колдонуу менен өтүлүүчү “Алкандардын изомериясы жана номенклатурасы” аттуу тема боюнча сабактын иштелмеси берилди.
Библиографические ссылки
Л.М.Кузнецов, В.В.Москва, Б.С.Рыспаева. Органическая химия.10 класс. «Аракус» 2021-ж.
Тюкавкина Н.А. Органическая химия Москва “ Медицина” 2011 -431 с
Сартова К.А.,Исмаилова. С.Б. Органикалык химия. Бишкек -2021 -374 б
Адылов С.А.,Асанов У.А. Органикалык химия. Бишкек -2003
Артеменко А. И. Органическая химия – М.: Высшая школа, 2002. - 559с
Габриелян О.С. Химия. 10 класс. Базалык деӊгээлдеги: билим берүү мекемелери үчүн окуу китеби. Габриелян О.С. -М: «Дрофа» 2012-ж.
Г.Е. Рудзитис, Ф.Г. Фельдман. Химия. 10 класс. Билим берүү мекемелери үчүн окуу китеби.–М: «Дрофа, 2012.