ТРАНСПОРТ ТАРМАГЫНДА ИШКЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ

Авторы

  • Давлатхан Идирисовна Макамбаева Ош мамлекеттик юридикалык институту
  • Расулбек Бегимкулович Шайдуллаев УИАнын ТБнүн А.С. Джаманбаев ат. Жаратылыш байлыктары институт
  • Султангазы Наргозуевич Касымбеков УИАнын ТБнүн А.С. Джаманбаев ат. Жаратылыш байлыктары институту
  • Тойгонбай Сартмаматович Абдыкадыров Ош мамлекеттик юридикалык институту

Ключевые слова:

ишкердик иш, ишкердик, пайда, бажы союзу, автоунаа, салык салуу.

Аннотация

Бул макалада изилдөөнүн предмети болуп автомобиль транспорту тармагындагы ишкердикти өнүктүрүү саналат. Базар экономикасына өтүү менен биздин өлкөдө бардык тармактар ​​сыяктуу эле, эски автоунаалар тармагында да ишкердик ишмердүүлүк башталган. Бажы союзун уюштуруунун жанданышы менен биздин мамлекет, Кытай Эл Республикасы аркылуу биздин өлкөгө колдонулган автоунааларды ташуу жана алып келүү процесси башталды. Биздин мамлекет Кытай менен эки өткөрмө пункту чектешет: Торугарт жана Эркеш-Там жана алар аркылуу жүктөрдүн бардык түрлөрү, анын ичинде колдонулган автотранспорт да Кыргызстанга өтөт. Бул иштин максаты – автотранспорт тармагындагы ишкердикти өнүктүрүү жана талдоо, биздин өлкөгө алынып келинген унаалардын санына статистикалык маалыматтарды чогултуу, ошону менен бирге ишкердиктин оң жана терс кесепеттери каралган. Колдонулган унаалар тармагында бизнес жүргүзүүнүн үчүн колдонулган унаалар, Европанын, Россиянын жана Казакстандын аймактары аркылуу алып келинет, ошондой эле дагы бир багыт болуп Россиянын бүткүл чыгыш жагынан өтүп Япониядан, андан кийин Ка-164 Известия НАН КР, 2022, № 5 захстан аркылуу алынып келинет. Бул өткөрүү пункттарынан ай сайын жеңил автоунаалардан, ар кандай түрдөгү чет элдик жеңил автоунаалардан, чет өлкөдөн биздин республикага жүк ташуучу унаалардан башка көптөгөн түрлөрү өтөт, ал эми колдонулган автоунаалар үчүн бажы төлөмдөрү өлкөнүн казынасына кирген бажы пункттары аркылуу алынат жана андан кийин алардын бизнесмендер сатууга же башка продуктыга алмаштырууга коюлган, бул транспорт тармагындагы ишкердиктин түрлөрүнүн бири. Ишкердиктин бул түрү негизинен орто жана чакан ишкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат, мунун баары учурда мамлекеттик эмес чөйрөдө аркылуу ишке ашырылат жана мамлекеттик жөнгө салууга жатат. Ишкердиктин бул түрүн тартипке келтирүү, өркүндөтүү жана андан ары мамлекеттик жөнгө салуу акыры биздин экономиканын рентабелдүү тармагы болуп калат, ал өлкөнүн салык тармагындагы багыттардын бирине айланат.

Библиографические ссылки

Абдырахманов Т.А. Переходные процессы и особенности демократического транзита Кыргызстана [Текст] / Т.А. Абдырахманов. – Б.: 2013. – 252 с.

Жапаров А. Членство Кыргызстана во Всемирной торговой организации – уже само по себе преимущество [Текст] / А. Жапаров. - http: //www.24kg/ economics/2008/12/04/99901.html

Пол миллион машин, на миллион жителей. Почему… Kloop.kg. от 1 сентября 2019 года.

Гражданского Кодекса КР от 5 января 1998 года (в ред. от 8 июня 2017) 2 часть.

https: // cars.kg/news/10087.htm

https: / 24.kg/ob schestvo/226708_tsifra_dnya

https: // www.vb.kg/doc/394768

Загрузки

Опубликован

2022-08-21