КӨМҮРДҮН КҮЙҮҮ ЖЫЛУУЛУГУНУН АНЫН ТЕПЛОФИЗИКАЛЫК ПАРАМЕТРЛЕРИНЕН КӨЗ КАРАНДЫЛЫГЫН КОМПЬЮТЕРДИК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ

Авторы

  • Санайым Тойгонбаевна Тажикбаева Ош мамлекеттик университети

Ключевые слова:

көмүрдүн күйүү жылуулугу, көмүрдүн теплофизикалык параметрлери, регрессиондук модель, компьютердик модель.

Аннотация

Илимдин жана техниканын дээрлик бардык тармактарында татаал системаларды окуп-үйрөнүүдө компьютердик моделдөөнүн методдорун колдонуу зарыл шарттардан болуп эсептелинет. Мында заманбап кубаттуу эсептөөчү методдордун жардамында объектти (көрүнүш, процесс) терең, толук жана көргөзмөлүү изилдөө мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул макалада регрессиондук анализдин жардамында көмүрдүн күйүү жылуулугунун анын теплофизикалык параметрлеринен болгон көз карандылыгын мүнөздөгөн математикалык модель түзүлдү. Моделдөөдө Кыргызстандын 7 түрдүү көмүрүнө окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары колдонулду. «Эң кичинекей квадрат» методу аркылуу регрессиянын параметрлерин баалоо жүргүзүлдү. Түзүлгөн регрессиондук модель тактыкка, сапатка текшерилди жана Фишердин, Стьюденттин критерийлеринин жардамында регрессия теңдемесинин жана анын коэффициенттеринин статистикалык маанилүүлүгү бааланды. Ал эми эксперименталдык ыкма менен алынган жыйынтыктар MathCAD системасында түзүлгөн компьютердик моделде далилденди.Жыйынтыгында, түзүлгөн компьютердик моделдин жардамында көмүрдүн сапатын аныктоо жана сапатын жогорулатууга прогноздоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Библиографические ссылки

Авгушевич И.В., Сидорук Е.И., Броновец Т. М. Стандартные методы испытания углей. Классификации углей. - М.: ≪Реклама мастер≫, 2018. - 576 с.

Грум-Гржимайло В.Е. Пламенные печи. – Ленинград.: Учебно-техническое издательство КУБУЧ, 1932. - 484с.

Тажикбаева С.Т. Көмүрдүн теплофизикалык параметрлерин аныктоонун компьютердик модели // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2022. - № 2. – басмада.

Шанченко, Н. И. Эконометрика: лабораторный практикум: учебное пособие / Н. И. Шанченко. – Ульяновск: УлГТУ, 2011. – 117 с.

Камбарова Г. Б., Кенчи кызы Э. Химико-технологическая характеристика углей месторождений Кара-Кече и Ак-Улак Кавакского буроугольного бассейна // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2016. - № 7. - С. 117-120.

Джапарова Ш. Химико-технологические свойства углей месторождения Бешбурхан и их газификация. Дисс.канд.хим.наук.-Бишкек, 1997. 22с.

Солпуев Т. С. Угольные месторождения Кыргызской Республики. Справочник. - Бишкек: «Наси» (МинГео КР), 1996. — 511 с.

Загрузки

Опубликован

2022-08-21