ТОГУЗ КОРГООЛ ОЮНУНДА МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКАНЫ КОЛДОНУУ
Ключевые слова:
менталдуу арифметика, ооз эки эсептөө, математика, тогуз коргоол, улуттук оюндар.Аннотация
Соӊку мезгилде жаӊы муундун окуучуларын мобилдик телефон, компьютер, интернетсиз элестетүү кыйын. Буларды колдонбогон окуучулар жокко эсе. Мындай
учурда эски методдорду колдонуп билим берүү окуучулар үчүн кызыктуу болбогондуктан, билим сапаты төмөндөп бараткандыгы баарыбызга маалым. Билим берүүдө жаны окуу технологияларын (ыкмаларын) киргизүү керектиги замандын талабына ылайык экендиги көрүнүп турат. Жаны заманбап ыкмаларды жөн эле үйрөтүп койбостон, алардын колдонуштарын дагы үйрөтүү керек. Биздин максатыбыз ата-бабабыздан калган «Тогуз коргоол» улуттук оюнубузда менталдык арифметиканы колдонуу. Анткени, биз жыл сайын башка элдердин маданиятын алуу менен улуттук баалуулуктар жоголуп бараткандай сезилет. Маселен азыркы учурда эшиктен «чүкө» ойногон баланы көрбөйбүз, анын ордуна балдар гана эмес чон кишилер телефон тиктеп баарлашуудан алыстап, адамдык сапаттарыбыз төмөндөп баратат деп ойлойбуз. Ошондуктан калькулятор эмес, акыл аркылуу эсептерди чыгаруу керектигин, менталдуу арифметиканы колдонулуштары менен түшүндүрүүгө болот.
Библиографические ссылки
Байболотов Б.А., Джапарова С., Урбаева К.К., Биймурсаева Б.М. Ментальная арифметика в школьной математике // Известия Кыргызской академии образования. 2019. № 2 (48). С. 89-92.