КЫРГЫЗДЫН МЭЭНЕТКЕЧ ЭТНОГРАФЫ АБЫЛАБЕК АСАНКАНОВГО
Keywords:
абылабек, асанканов, куттуктоо, юбилейAbstract
Урматтуу Абылабек Асанкан уулу! Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен ак дилибизден куттуктайбыз!
Биз сизди заманбап Кыргызстандын тарых илимдеринин этнография тармагына зор салым киргизген чыгаан илимпоз, өз илимий мектебин түптөгөн агартуучу жана эгемен Кыргызстандагы жарандык коомдун телчигиши, этностор аралык ынтымактын чыңдалышы үчүн кызмат кылып келген коомдук ишмер катары өзгөчө сыйлайбыз.
Сиз Кыргызстандагы заманбап этнография илимий тармагында өлкөбүздөгү этностук-социалдык жүрүмдөрдү ар тараптуу иликтеген эмгектериңиз менен таанылдыңыз. (Караңыз: Асанканов А. Социально-культурное развитие современного сельского населения Киргизии. – Фрунзе, 1989; Асанканов А. Кыргызы: рост национального самосознания. – Бишкек, 1997; ж.б.).
Downloads
Published
2025-08-20
Issue
Section
SPECIAL ISSUE