70 лет МУСАЕВУ СЫРТБАЙ ЖОЛДОШОВИЧУ

Authors

  • Коллегия НАН КР

Keywords:

НАН КР, Юбиляр, Мусаев

References

Мусаев Сыртбай Жолдошович 1953-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында туулган. 1971-жылы орто мектепти, 1976-жылы КМУнун филология факультетин аяктаган. 1977-78-жылдары СССР Илимдер академиясында стажёр-изилдөөчүсү, аспиранты, 1982-86-жылдары КР УИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1986-90-жылдары бөлүм башчы, 1990-98-жылдар аралыгында КУУнун доценти, кафедра башчысы, докторанты, 1998-2000-жылдарда журналистика факультетинин деканы, 2000-2002-жылдар аралыгында Ысык-Көл мамлекеттик университетинин илимий жана окуу иштери боюнча проректору, 2003-2004-жылдары К. Карасаев атындагы БГУнун ректору, 2004-2005-жылдары Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Президенти, 2005-2006-жылдары Чүй университетинин 1-проректору, 2006-жылдан тартып, И. Арабаев атындагы КМУнун Лингвистика институтунун директору, 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматтарын аркалаган. Азыркы учурда КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили бөлүмүндө жетектөөчү кызматта иштеп келет.

Published

2024-05-16