КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭТНОГРАФИЯ ИЛИМИНИН ЧЫГААНДАРЫ
Ключевые слова:
илим, тарых, инсандар, чыгаандарАннотация
Дүйнөлүк мамлекеттердин өнүгүү тарыхында ар бир улуттун өзүнө таандык илими жана илимий ишмердүүлүгү калыптанат. Бул жагынан алганда, Кыргыз мамлекетинин дагы илимдеги өзгөчө орду бар. Тарыхый илимдердин катарында эл жана башка этностук жалпылыктарды, алардын этногенезин, турмуш-тиричилигин, маданий, тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим бул этнография (этнология) илими болуп саналат. Акыркы учурда коомдук турмуштун өзгөрүп жатканына байланыштуу, этнология деп көп айтылып келет. Кандайынан алып айтпайлы этнография же этнология болобу “эл” “уруу” жөнундө жазам деген байыркы гректердин сөзү1. Этнография илиминин изилдөө предметинин негизин – ар бир элдин өзүнө гана таандык мүнөз берген күнүмдүк турмуштун салттык маданияты түзөт. Этнография тарых, археология, экономика жана социология илимдери менен биргеликте элдердин этникалык тарыхын, элдердин чарбалык турмушун, социалдык түзүлүшүн, карым-катнаштарын жана байланыштарын изилдейт.
Библиографические ссылки
Б.Урустанбеков,Т.К.Чороев.Кыргыз тарыхы энциклопедиясы, Б.,1990
Материалы республиканской научной конференции, посвященной 80-летию со дня рождения известного ученого-историка, доктора наук, профессора Аттокурова Сабыра Аттокуровича, 12 апреля 2012 года – Бишкек, 2013. – 312 с. - Кыргызский Национальный университет им. Жусупа Баласагына. - ISBN: 978 9967 029 07 1; 9967 029 07 2.
С.Аттокуров,»Кыргыз этнографиясынын тарых наамасы» .Б.,1996.
А.Асанканов, Кыргызы: рост национального самосознания. Б., 1997.